Turmush — Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Гүлдарика Жолдошова айыл ичине келген туристтерди үйүндө тосуп, улуттук буюмдарды сатат. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Өзүнүн айтымында, туристтерге кыргыздын каада-салты, үрп-адаттарын тааныштырып келет.
Гүлдарика Жолдошова шайыр апалар тобунун мүчөсү. 4 уул, 2 кыз жана 13 небереси бар. Айылда өткөрүлгөн коомдук иштерге, шырдак фестивалдарына, көрсөтмөлөргө калтырбай катышат.
«Кол өнөрчүлүк кесипти сүйөм. Кайненем, өз апам дагы иштүү адамдар болчу. Жамал Султанова деген адам менин апам, ушул кесип өз энемден калды. 30 жылдан ашык убакыттан бери ушул кесипти аркалайм. Кол өнөрчүлүктү кесип катары кабыл алам. Союз тарагандан кийин иштеп калдым. Мурда бала бакчада 10 жылдай тарбиячы болуп иштедим. Кара-Суу айылында жалаң сеп даярдап, шырдак шырып берчүмүн. Азыр дагы кийиз менен алектенем. Көтөргөн боз үйлөрүм бар. Оюну келиндерге шырытам, 1 жылда 3-4 шырдак жасай алам. Азыр үйдө 3-4 шырдак калды», - деди ал
Кол өнөрчү 5 жылдан бери туристтерди тосот. Аларга баланы бешикке салуу, келин алуу, кыз узатуу каада-салттарын, улак, ордо оюндарын көрсөтүп беришет.
Макаланын уландысын жана башка бардык маалыматтарды окуу үчүн АКИpress'ке катталыңыз...