Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 18.04.2017 10:28

Большевиктин тургундары бала бакчанын пайдубалы чөгүп жатканына тынчсызданууда (фото)

Turmush -  Ат-Башы районундагы Большевик айылы бала бакчага муктаж. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Рыскүл Медетбекова билдирди.

Анын айтымында, жашоочулар эски мектептин устаканасын бала бакчага айлантышкан. Учурда бул бала бакчада тарбияланган 30дан ашык бала бир бөлмөгө тамак ичип, укташат. Имараттын пайдубалы да жерге акырындык менен чөгүп бара жатат.

«2009-жылы айылдан чыккан жигердүү балдар ушул имаратты убактылуу бала бакча кылып оңдоп алышкан. Бул бала бакча 25 эле балага ылайыкташтырылган, ага карабай учурда 30дан ашык бала тарбияланып жатат. Бизге жаңы социалдык имарат зарыл», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×