Бөлүмдөр
Ишемби, 16-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 17.05.2017 11:32

Ат-Башы районунда «Жыл мыктылары-2017» иш-чарасы өттү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы району боюнча «Жыл мыктылары-2017» сыйлоо аземи болуп өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, анда билим берүү багытындагы мыктылар сыйланышты. «Жылдын мыкты мектеби - 2017» наамы менен Карыбек уулу Акматалы атындагы орто мектеби сыйланды. Ошондой эле, жалпы 22 мектептин бирден мугалимдери жана окуучулары «Жылдын мыкты мугалими - 2017», «Жылдын билимдүү окуучусу - 2017», «Жылдын таланттуу окуучусу - 2017» наамдарын алышты.

Иш-чара коомдук фонддор тарабынан уюштурулду. Сыйлоо аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, эл агартуучулар жана мектеп окуучулары катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×