Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 06.06.2017 11:52

Эл ичи — өнөр кенчи: Ат-башылык 28 жаштагы актер Болотбек Тилек 10дон ашык тасмада роль жаратты (фото)

Turmush -  Нарындык 28 жаштагы актер Болотбек Тилек 10дон ашык кинодо роль жаратты. Аймактык кабарчы актер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ат-Башы районунда өскөн. 2006-жылы Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинин актерлук чеберчилик факультетине тапшырып, 2011-жылы жогорку кесипке ээ болгон.

Чүй облустук Ш.Термечиков атындагы куудулдар теарында 4 жылга жакын иштеп, башкы каармандардын ролун аткаруу менен «Эркектин мыкты ролу» наамдарын алууга жетишкен. Азыркы учурда 10дон ашык кинодо образ жаратып, театрда көптөгөн спектаклдерде ойноп келет. Андан сырткары, коомдук жарнамаларга, клиптерге тартылат.

«Ата-энем тилекке каршы жок, көздөрү өтүп кеткен. Атам куруучу болсо, апам тигүүчү кесибинин ээси болгон. Азыр чыгармачылык менен алышып жаткан кезим. Чоң атам илгери «Караш караш» тасмасында кастингден өтүп, бирок Сүймөнкул Чокморов аткара турган болгондуктан катышпай калган экен. Бирок, кийин өз атама «ушул бир неберем кийин тасмада образ жаратат» деп айтып жүрчү экен. Чоң атамдын батасы тийген окшойт деп ойлоп калам.

Келечекте киноиндустриясында иштесем деп кыялданчумун. Кыялдарым орундалып келет. Кино менен кошо театрды алып кеттим. Азыр өкүнбөйм. «Ар бир кесип ардактуу» дегендей иштеп жатам, өкүнүч жок», - деди ал.

Актер үй-бүлөдө 7 бир туугандын алтынчысы. Учурда бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×