Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 13.06.2017 17:52

Казыбек айылынын жаштары жердештерине ооз ачыруу иш-чарасын уюштурушту (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын жаштары жердештерине ооз ачыруу иш-чарасын уюштурушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Белек Мукаш уулу билдирди.

Анын айтымында, 2005-жылдан тартып айылдык жаштардын демилгеси менен ооз ачыруу иш-чарасы уюштурулуп келет.

«Жыл сайын жаштар чогулуп, орозо учурунда айылдыктарга ооз ачыруу уюштуруп келебиз. Ал үчүн айылдагы кафени ижарага алып, эркектерди жана аялдарды өз-өзүнчө бөлүп чакырып ооз ачтырабыз», - деди Б.Мукаш уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×