Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ат-башылык 72 жаштагы Жумаалы аксакал шпагатка отуруп, жайлоодогу балдарга өнөрүн тартуулады (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Казыбек айылына караштуу Талаа-Булак жайлоосундагы «Жеткинчек» жана Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу «Нур шоола» жайлоо өнүгүү борборлорунда тарбияланган балдарга ар кандай мастер-класстар, чий согуу, курут жасоо, кагаздар менен иштөө ыкмалары көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жайлоо бала бакчаларынын быйылкы сезонунун ачылышы өтүп, тарбиялануучулар 72 жаштагы Жумаалы Абдрахмановдун спорттук өнөрүнө күбө болушту. Аксакал шпагатка отуруп, балдардын жана ата-энелердин көңүлүн өзүнө бурду.

Ат-Башы районунун Казыбек айылынын пайгамбар жаштан өтүп калган тургуну Жумаалы Абдрахманов ар кандай көнүгүүлөрү менен көпчүлүктү таңдантып, үлгү болот. 72 жаштагы карыя бала кезинен чыйрак, шамдагай өскөн. Азыркыга чейин күн сайын көнүгүүлөрдү жасап, шпаг­атка отурганына аймактык кабарчы күбө болду.

Жумаалы ата 5 уул, 2­ кыздын атасы, 28 небе­ре, 2 чөбөрөнүн чоң атасы. Жубайы Сайрабүбү Мүсүралиева өзүнөн 10 жашка кичүү. Ал убагында трактористтерге тамак жасап, ашпозчу болуп колхоздо кызмат өтөгөн.

Жумаалы ата азыр кардын калыңдыгына байланыштуу чуркоону убактылуу токтот­уп койгон. Күнүнө 3 маал 15 ­миң ар кандай көнүгүүлөрдү жасайт жана 5 маал намаз­ окуйт.

«Бала кезден чыйрак өсүп, барчылык-жокчулукту көрдүм. Машыгуу, спорт ден соолукка чоң пайда. Жашым өтүп калса да жаш балдардай машыгам. Таң калгандар да болду. Учурда ден соолугум жакшы», - деди аксакал.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2276
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×