Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ат-Башынын Ак-Муз айылынын 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектепке 10 метрлик желек орнотушту (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү өздөрү аяктаган Боогачы мектебине белек катары бийиктиги 12 метрлик желек орнотуп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылда мектепти мындан 10 жана 20 жыл мурун бүтүргөндөр жердештерине керектүү иштерди жасап берүүнү салтка айландырышкан.

«Илгери кайсыл бир жерди же мамлекетти энчилеп алууда желек орнотушкан. Бул көрүнүш «жер биздики» деген маанини чагылдырган. Желек орнотуу бул жеңиштин белгиси. Кыргызстандын желегин колунан келген адамдар ар кайсыл жерлерге орнотуп, бийик желбиретсе бул патриоттуулук сезимди ойготот. Кыргызстандын желеги көп жерге орноп, жерибиз, аймагыбыз чоң кубаттуу мамлекетке айлансын. АКШнын кинолорунда же телеберүүлөрүндө ар бир имараттан, ар бир иш бөлмөдөн мамлекеттик желекти байкоого болот. Ал мамлекетте катардагы кичи кызматкердин кабинети болсо дагы АКШнын кичинекей желегин коюп алышат. Бул деген ошол кино, телеберүү, керек болсо иш бөлмө дагы АКШга тиешелүү деген сөздү туюндурат. Дүйнө жүзүндөгү эң байыркы желек Дания жана Иран мамлекеттеринде сакталып, азыркы күнгө чейин колдонуп келишет», - деди 10 жылдык бүтүрүүчү Жакшылык Бердибек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1089
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×