Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Фото - Ат-Башыда «Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалы башталды

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунда «Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалы башталганын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, фестиваль аталган райондун акими Ж.Субагожоевдин куттуктоо сөзү менен ачылды. Андан кийин маданият, маалымат жана туризм министри Т.Казаков, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов куттуктоолорун айтып, фестивалдын катышуучуларына ийгилик каалашты.

Фестивалга карата жалпы 30 боз үй тигилип, ага 200дөй кол өнөрчү катышууда. Жети облустан келген чеберлердин шырдактары көргөзмөгө коюлуп, «Кымыз» фестивалы, улуттук тамак-аштардын жасалышы жана узун чачтуу кыз-келиндердин кароо-сынактары да өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 903
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу