Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ат-Башыда узун чачтуулардын сынагына катышкан Н.Жумаеванын чачы 1,75 метрге жетет (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын 59 жаштагы тургуну Нурбүбү Жумаева «Кыргыз шырдагы» фестивалындагы «Узун чачтуу айымдар» кароо-сынагына катышууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Нурбүбү Жумаева учурда 5 баланын энеси. Анын чачынын узундугу 1 метр 75 см түзөт.

«Апам чачымды 3-класстан баштап өстүрдү. Ошондон бери чачыма кайчы тийгизбей өстүрүп келем. Боюм 1 метр 67 см, ал эми чачымдын узундугу 1 метр 75 см жетет. Чачыма дайыма кам көрүп турам», - деди ал.

Ат-Башы районунда «Кыргыз шырдагы» фестивалынын алкагындагы узун чачтуулардын сынагына жалпы 31 кыз-келин катышып жатат. Алар калыстар тобуна чачка кам көрүү,чачтын барктуулугун айтып берүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3190
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×