Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ат-Башыда мыкты шырдактар аныкталды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунда «Кыргыз шырдагы» эл аралык фестивалы жыйынтыкталып, мыкты шырдактардын ээлери аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Алтын чөйчөк уздары» уюмунун жетекчиси Таалай Алиева билдирди.

Анын айтымында, аталган фестивалга Кыргызстандын 7 дубанынан келген уз-чеберлер катышып, жалпы 3 миңден ашык шырдак тандоодон өткөн. Калыстар тобу алардын арасынан таза шырдактар, мурас шырдактар, мыкты шырдактар, кооз шырдактар, эмгек шырдактар деп тандап,  өз бааларын беришти.

Фестивалдын жыйынтыгында Ат-Башынын Кара-Суу айылынын тургуну Дамира Абышованын шырдагы мыкты деп табылып, 50 миң сом баш байгени жеңип алды. Ал эми, 2-орунду ушул эле райондун Казыбек айылынын тургуну Турганбүбү Океева ээлеп, 40 миң сом, 3-орунду Гүлмира Кырмыкеева алып, 30 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ошондой эле, 4-орунду ээлеген Таалай Алиева 10 миң сом, 5-орунду ээлеген Жаңылбай Жумаева 10 миң сомдон акчалай сыйлыкка татышты.

«Мындан тышкары, 10 уз-чеберлер баалуу белектер, мурас шырдактардын ээлери 3 миң сомдон акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Устат-шакирттин шырдактарын жасаган 10 кол өнөрчүгө 3 миң сомдон, дагы 10 адамга 1 миң сомдон сыйлыктар, грамоталар ыйгарылды», - деди Т.Алиева.

Фестивалды өткөрүүгө Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 200 миң сом, ЖК төрагасынын фондунан 100 миң сом берилген. Ошондой эле, жергиликтүү бийлик жана ЮСАИД уюму тарабынан колдоо көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1928
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×