Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ат-Башыда узун чачтуу кыз-келиндер акчалай сыйлыктар менен сыйланышты (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунда «Кыргыз шырдагы» фестивалынын алкагында уюштурулган «Узун чачтуу айымдар» сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

IMG-20170628-WA0041-1

Маалым болгондой, аталган сынакка чачынын узундугу 80 сантиметрден ашкан кыз-келиндер катышты. Жеңүүчүлөр 18 жаштан 35 жашка чейин жана 35 жаштан 65 жашка чейинкилер арасында тандалды.

Сынактын жыйынтыгында 18 жаштан 35 жашка чейинки кыз-келиндер арасында 1-орунду Ат-Башы районунун Терек-Суу айылындагы бала бакчанын жетекчиси Элмира Молдакунова алып, 4 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. 31 жаштагы Э.Молдакунова 3 баланын энеси. Анын боюнун узундугу — 1 метр 70 см, ал эми чачынын узундугу — 1 метр 30 см.

Ал эми, 35 жаштан 65 жашка чейинкилер арасында 1-орунду Нурбүбү Жумаева алып, 4 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын 59 жаштагы тургуну, 5 баланын энеси. Анын боюнун узундугу 1 метр 67 см болсо, чачынын узундугу 1 метр 75 см. 2-орунду Баткен облусунан келген Санавар Массакова менен Ат-Башы районунун тургуну Назира Таалайбек кызы алышса, 3-орунду Асель Базарбек кызы менен Шайгүл Өмүрзакова ээлешти.

Мындан тышкары, улуттук тамак-аштарды жасоо боюнча сынак жыйынтыкталып, 1-орунду Ат-Башынын Ак-Моюн айылы, 2-орунду Баткен облусу, 3-орунду Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылы ээледи.

Ал эми, «Кымыз» фестивалында 1-орунду Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылы («Мыкты кымыз»), 2-орунду Ак-Моюн айылы («Көк кымыз»), ошондой эле 3-орунду Ат-Башынын Талды-Суу айылы («Жумшак кымыз») алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1751
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×