Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ак-талаалык акын К.Асановдун «Кечиккен дептер» ырлар жыйнагы жарык көрдү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунан чыккан белгилүү коомдук ишмер Карыпбек Асановдун «Кечиккен дептер» аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөнүн аймактык кабарчы билдирди.

Аталган ырлар жыйнагында 100гө чукул чыгармалар камтылган. Бул китеп автордун үчүнчү китеби. Анын буга чейин «Аз элден чыккан асылдар», «Ийинден чыккан жол» аттуу ырлар жыйнагы басылып чыккан.

«2013-жылдан тарта ыр жаза баштадым. Алгачкылар жоро-жолдошторго арналган куттуктоо ырлар болду. Азыркы китебимде акындыкты кандай баалаганым жөнүндө жазылган ырлар бар. Мисалы, “Мен неге ыр жазам?”, “Өкүнүч”, “Болормун” жана башка чыгармалар. Ал эми “Ностальгия” ырымда мурдараак ыр жазбаганыма өкүнүч айтылган», - деди ал.

К.Асанов парламенттин депутаты болгон, ошондой эле Кыргыз ССРнин айыл чарбасын өнүктүрүүгө зор салымын кошкон.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1191
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×