Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ат-Башыда белгисиз нерсеге уулангандардын бири каза болуп, экинчиси жандандыруу бөлүмүндө жатат

Turmush -  Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын эки тургуну белгисиз себептен ууланып, алардын бири көз жумду. Аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 29-июнда саат 23:00 чамасында 21 жаштагы Н.К. жана 16 жаштагы А.Н. өздөрүнүн үйүндө эс-учун жоготуп жыгылган.

Н.К. ошол бойдон эсине келбей каза болгон. Экинчи жабырлануучу А.Н. кечээ, 30-июнда саат 11:40 чамасында Ат-Башы райондук ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда бул окуяга байланыштуу Ат-Башы РИИБ тийиштүү экспертизаларды дайындап, териштирүү иштери жүрүп жатат.  

20 жашында көз жумган Канат белгилүү ырчы Токтобек Асаналиев менен Кенже Кубатованын уулу болчу. Ал кичине кезинен бери комуз чертип, 5 жашында Түркиядагы эл аралык фестивалдан алтын медаль тагынып келген.

Т.Асаналиев менен уулу Канат

Канат Сүрөт: Интернеттен

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8218
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×