Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ат-Башыда ууланып каза болгон 21 жаштагы жигиттин жанындагы өспүрүм чөптөн тамеки жасашканын айткан

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылында белгисиз нерседен ууланып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган өспүрүм бала дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Ат-Башы райондук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Асыл Султанбаеванын айтымында, бейтап талаада өскөн чөптөн тамеки жасап тартуудан улам ууланышы мүмкүн.

Окуя 29-июль күнү болуп, өспүрүмдүн жанындагы 21 жаштагы Канат үйүндө көз жумган болчу. Учурда бул окуяга байланыштуу Ат-Башы РИИБ тийиштүү экспертизаларды дайындап, териштирүү иштери жүрүп жатат.

«Өспүрүм дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Азыркы учурда анын абалы жакшы, 3 күндөн кийин терапияга которулган. Чөп-чардан чылым жасап чеккенден уулануу болушу мүмкүн. Бул тууралуу бейтап дагы айтып берди», - деди А.Султанбаева.

Ат-Башы райондук администрациясынын башчысынын орун басары Ажар Дүйшеналиева 21 жаштагы Канат айылында акыркы сапарга узатылганын билдирди.

Окуя тууралуу:

ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 29-июнда саат 23:00 чамасында 21 жаштагы Н.К. жана 16 жаштагы А.Н. өздөрүнүн үйүндө эс-учун жоготуп жыгылган. Н.К. ошол бойдон эсине келбей каза болгон. Экинчи жабырлануучу А.Н. 30-июнда саат 11:40 чамасында Ат-Башы райондук ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

21 жашында көз жумган Канат белгилүү ырчы Токтобек Асаналиев менен Кенже Кубатованын уулу болчу. Ал кичине кезинен бери комуз чертип, 5 жашында Түркиядагы эл аралык фестивалдан алтын медаль тагынып келген.

Т.Асаналиев менен уулу Канат

Канат Сүрөт: Интернеттен

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 8380
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×