Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: Ат-башылык Э.Сазанова 2 жылдан бери шырылган чапандарды тигип, үй-бүлөсүн багат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылынын 56 жаштагы тургуну Элмира Сазанова эки жылдан бери шырылган улуттук чапандарды тигип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Э.Сазанова тигилген чапандарын көбүнчө интернет аркылуу сатат. Ошондой эле, коңшу Казакстан, Орусиядагы жармаңкелерге коет. Эркектерге арналган чапандардын баасы 2500 сом болсо, балдардыкы 1500 сом, ал эми аялдардыкы 4000 сомго чейин бааланат.

«Мен көбүнчө шырылган чапандарды тигем. Ата-энелерибиз атайын чапанды ушинтип шырып тигишкен. Ошол чапандарды замандын талабына жараша жаңы үлгүлөр менен иштеп чыккам. Кудайга шүгүр, азыр ушул кол өнөрчүлүк менен киреше таап, үй-бүлөмдү багып келе жатам», - деди Э.Сазанова.

Анын учурда 5 баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1317
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу