Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ат-Башынын Улан-1 жаңы конушуна 3 жылдан бери электр жарыгы берилбей келет, - тургундар (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Улан-1 жаңы конушуна 3 жылдан бери электр жарыгы берилбей келет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Касеин Жусупов билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылы жер тилкелер бөлүштүрүлүп, турак үйлөрдүн курулушу менен кичи айылга айланган Улан-1 конушунда учурда 20дан ашык түтүн жашайт.

«Жер берилип, там салып баштаганыбызга 3 жылдан ашты. Бирок, электр жарыгы тартылган эмес. Бул маселе тууралуу президент Алмазбек Атамбаевге арызданып жатып электр чубалгылары тартылып, трансформатор коюлган. Бирок, трансформаторго келген электр жарыгын үйлөргө бербей жатышат. Акимге кайрылсак айыл өкмөткө тапшырма берип, бир айдын ичинде чечип беребиз дешкен. Бир ай өттү, электр жарыгы берилген жок. Балдарыбыз кичинекей, өтө кыйналып кеттик. Кайрылган жерибиз, какпаган эшигибиз калган жок», - деди К.Жусупов.

Улан-1 жаңы конушу Ат-Башы айыл өкмөтүнө карайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1333
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×