Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Кытайдан келген археологдор Ат-Башынын Кошой-Коргон, Таш-Рабат тарыхый жайларына таң беришти (фото)

Turmush -  Кытайдын Ганьсу провинциясындагы Дуньхуан шаарынан келген археологдор Ат-Башы районундагы Кошой-Коргон, Таш-Рабат тарыхый комплексинде болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга район акиминин орун басары Ажара Дүйшөналиева билдирди.

Маалым болгондой, меймандар өзгөчө Кошой-Коргондогу шаардын калдыктарына таң калышып, аны кайрадан калыбына келтирсе дүйнөнүн булуң-бурчунан туристтердин агымы көбөйөт деген ойлорун айтышкан.

 Буга чейин Turmush басылмасына Кытайдын Ганьсу провинциясындагы Дуньхуан шаарынан археологдор Кум-Дөбө айылындагы жер алдында калган байыркы шаардын казылышын көрүүгө Кочкорго келишкендиги маалымдалган.

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Кытайдын Маданият министрлигинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Дуньхуан академиясынын профессору Чжан Сянтан, археологдор Су Баомин, Чен Ган Цюан, Го Цин Лин, Чжан Сяо Ган, Чжао Цзюнь жана туристтик фирманын өкүлү Джи Фын Хуа келишкен. Аларды аталган министрликтен Чынарбек Жолдошов, Нарын облустук маданият бөлүмүнүн башчысы А.Нурманбетов, Кочкор районунун акиминин биринчи жана экинчи орун басарлары Нурлан Эшмуканбет уулу жана Элмира Сыдыкова коштоп жүрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1622
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×