Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ат-Башынын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү айылдын көчөлөрүн жарыктандырышты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылындагы Боогачы Жакыпбек атындагы орто мектебин мындан 20 жыл мурун бүтүргөндөр айылдын көчөлөрүн жарыктандырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, айылдын кире беришине жарык берүүчү 16 даана прожектор орнотушкан.

«Бизди окутуп, жакшы тарбия берген мугалимдерге терең ыраазычылыгыбызды билдирип, таазим кылабыз. Мектепти бүткөнүбүзгө 20 жыл болгондуктан айылдын көчөлөрүн, кире беришин жарыктандыруу ишин мойнубузга алып, жалпы 120 миң сомдун тегерегиндеги каражатка жарык берүүчү16 даана прожектор орноттук.

Ошондой эле, бизди окуткан мугалимдерге сый тамак уюштурулду», - деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2380
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×