Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Ак-Талаа районундагы айылдарга отун базалар ачылат

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда кыш мезгилине даярдыктарды көрүү боюнча жыйын өткөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган жыйынга айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Жыйындын жүрүшүндө «Турук» көмүр кенин иштеткен ишкананын жетекчиси көмүр казуу иштери боюнча маалымат берди. Ошондой эле, аталган көмүр кенине баруучу Жаман-Даван жолун оңдоо маселеси көтөрүлүп, Ак-Талаа районунун элин жана бюджеттик мекеме-ишканаларды көмүр менен толук камсыздоо жана салыкты өз убагында төлөө талап кылынды.

Мындан тышкары, ар бир айылга отун базаларды ачуу маселеси каралып, көмүр казуучу ишканалар аталган базаларга көмүр түшүрүү милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 800
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу