Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Ат-Башынын Талды-Суу айыл өкмөтүндө айыл чарба тармагын тейлеген ишкана ачылды (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун алыскы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн алдында «Эл баксын» деген аталыштагы муниципалдык ишкана ачылды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Уланбек Бердигулов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган ишкананы ачуу 2013-2017-жылдардагы Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2014-2017-жылдардагы облустун өнүгүүсүнүн жол картасына киргизилген.

«Эл баксын» муниципалдык ишканасынын алдында жергиликтүү бюжеттин эсебинен жакында эле алынган 635 миң сомдук «Камаз-511» үлгүсүндөгү унаа, МТЗ-83 экскаватор жана картошка казуучу шайман бар. Күз мезгилине чейин комбайн жана трактор алуу пландалууда.

«Буга чейин айылга ар кыл булактардан келген техникалар баланска алынбай, 3 жылдан кийин менчикке өтүп кеткен учурлар болгон. Айылдык депутаттар токтом кабыл алды, мындан ары долбоорлор аркылуу келген техникалар “Эл баксын” ишканасынын балансына өтүп турат. Биз мындан ары ушундай кадамдар менен иш алып барууга өттүк. Уюшулганына 1 ай болгон муниципалдык менчик ишкана жумушчулардын айлык маянасынан тышкары бир айдын ичинде 80 миң сом киреше тапты. Кудай буюрса, жер бөлүштүрүү маселеси каралып, 20 гектар жер берилет. Ишкана элге да жардам берет, өздөрүн дагы багат. Эгерде ишкана 1200 сомдон шагыл тартса, мунун 10%ы трактористтин эмгек акысына кетет. Мурда шагыл тарткандар эмгек акысын 1500 сомдон 2000 сомго чейин баалашчу. Сырттан келген техникалар эми кирбей калды», - деди Бердигулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1180
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу