Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Бирлик айылындагы мектептин кулайын деп калган дубалдарын тиреп, жаңы окуу жылына даярдап жатышат (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл аймагынын Бирлик айылындагы С.Мурзакматов атындагы орто мектептин курулушу көптөн бери бүткөрүлбөй, окуучулар авариялык мектептин имаратында окуп келишет. Бул тууралуу аталган айылдын тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, эскилиги жеткен мектеп бул жылы акталып-сырдалып, окуу жылына даярдалууда. Ошондой эле, мектептин бир имаратынын кыйшайып урайын деген дубалы атайын тирөөчтөр менен тирелди. Бирок, тургундар эски мектепке балдарын окууга жиберүүдөн кооптонуп жатышат.

Мектеп директору Айбек Исаевдин айтымында, эски мектептин оңдоо иштерин толук кандуу жүргүзүүгө мүмкүн эмес. Мектептин полдору чирип, терезе-каалгалары жана от жагуучу мештери жарактан чыккан. Бүгүнкү күндө окуу класстарынын полдорун мугалимдер мүмкүн болушунча сырдап чыгышты.

«Жаңы мектеп 2013-жылы курулуп баштаган. Бирок, ушул күнгө чейин курулушу бүтө элек. 250 орундуу жана бир кабаттуу мектепке биринчи транш менен Түркия грантынын эсебинен 23 млн сом бөлүнгөн. Бул каражатка мектептин дубалы тургузулуп, шыбалып, чатырлангандан кийин бюджеттин тартыштыгынан улам 2015-жылы курулуш иштери токтоп калган. Быйылкы жылдын биринчи жарымында республикалык бюджеттен 5 млн сом каражат каралып, кайрадан улантылган. Бирок, бул каражатка жаңы мектеп толук бүтөт деп айтуу кыйын. Курулушту толук бүткөрүп, ишке берүү үчүн дагы 30 млн сомдой каражат керектелет экен», - деди Исаев.

Ал өткөн окуу жылында мектепте кооптонуу менен окушканын кошумчалады.

«Өткөн окуу жылын жаныбызды оозубузга тиштеп, кырсык болуп кетпесин деп тиленип жатып бүткөрдүк. Алдыдагы окуу жылында окуучуларды кабыл алуу чындыгында кооптуу болуп жатат. Айылда убактылуу кирип, окутуу процессин жүргүзүүгө башка имараттар жок. Мына ушундай аргасыз абалда турабыз», - деди ал.

Учурда Нарын облусу боюнча авариялык абалда жалпы 22 мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2467
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу