Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Ат-Башыдагы жайлоо бала бакчасында 50 бала тарбияланып жатат (видео, фото)

Turmush -  Ат-Башыдагы «Жеткинчек» жайлоо өнүгүү борборунда 50 бала тарбияланып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган борбордун директору Гүлай Молдокулова билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башы районунун Талаа-Булак жайлоосундагы «Жеткинчек» өнүгүү борборунда Казыбек жана Кара-Суу айыл аймактарынын балдары эс алып жатышат. Балдар күн сайын үч саат борбордогу ар кандай оюн-зоокторго, тарбиячылар өткөн чеберчилик боюнча мастер-класстарга катышып, кызыктуу китептерди окуу менен өздөрүнүн шык-жөндөмдөрүн арттырууда.

Борбор жайыт колдонуучулар жана ата-энелер менен тыгыз байланышта иштешип, анда бардык шарттар түзүлгөн жана күн чырагы менен камсыз болгон. Ал тургай тоо шартында жуунучу жай орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 850
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу