Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Ат-башылыктар Таш-Рабатка баруучу жол жасалбай жатканына нааразы (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунда жайгашкан Таш-Рабат тарыхый эстелигине баруучу жолго шагыл төгүлүп, бирок жол оңдолбой турат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга туризм тармагында ишкердик кылган Элизат Масирова билдирди.

Анын айтымында, июнь айында төгүлгөн шагылдар унаалардын жүрүшүнө тоскоолдуктарды жаратып жатат.

«Мен Таш-Рабатта туристтерди тосуп иштейм. Биздин Кара-Суу айыл өкмөтү жана жол тейлөө ишканасы жолду жасоого шагыл төгүшкөн. Бирок, төгүлгөн шагыл жазылбай, унаалар бир каттам жол менен араң өтүп жатышат. Бул көрүнүш туристтик сезонго терс таасирин тийгизип, туристтер нааразы болуп жатат», - деди Э.Масирова.

Э.Масирова буга катар эле, туристтик аймакка чет элдик жана жергиликтүү​ эс алуучулар көп келип жатканын, алар дагы жол көйгөйүн айтып жатышканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 983
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу