Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Бала тили — бал: Шоңойгондо улак болом, - 3 жаштагы Амина (видео, фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Ат-Башы районунда жашаган 3 жаштагы Болотбекова Амина.

- Атың ким?

- Амина.

- Канча жаштасың?

- Үш.

- Кимдин кызысың?

- Атамдын.

- Атаңдын аты ким?

- Боки.

- Атаңды жакшы көрөсүңбү же апаңдыбы?

- Апамды.

- Кантип жакшы көрөсүң?

- Айталбайм.

- Сен канча бир туугансың?

- Беш бир туган.

- Аларды жакшы көрөсүңбү?

- Оба. Айзат эже улушат эшке шыкпа деп, анан мен шыгып кете белем.

- Сен сулуу кызсыңбы же акылдуусуңбу?

- Сулу. Сулу кыздал мондай аяй көйнөк кийет.

- Акылдуу кыздарчы?

- Айталбайм.

- Сенин сүйгөнүң барбы?

- Жок, мен билбейм да.

- Эмне кылганды жакшы көрөсүң?

- Бийлейм.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Улак болом.

- Улак? Эмнеге?

- Жөнле.

- Улак деген эмне?

- Кой, шөп жейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 724
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу