Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Ат-башылык М.Сооронбаев балалык кыялын орундатып, Европадан бери алып келген балыктарды багууда (фото)

Turmush -  Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылынын 42 жаштагы тургуну Мирланбек Сооронбаев 2 жылдан бери форель балыгын багуу менен алектенип келет. Жеке ишкердин айтымында, бала кезинен бери балык багууга кызыгып, ал кыялын ишке ашырды. Учурда анын чарбасында 7 миңге чукул балык бар.

«Өзүбүздүн айылдагы токойдон балык кармап жүрүп, кызыгуум артканын байкадым. 2015-жылы Бишкектен 6 миң форель балыгын сатып алып, үйдүн жанындагы булактан көлмө жасадым. Бүгүнкү күндө ага дагы эки көлмө кошуп, балыктын саны 7 миңге жетти.

Учурда малек балыктарды Европа, Франция жана Бишкектен сатып алам. Бул балык 1 жыл багылып, Ат-Башы, Нарын жана Бишкекке сатылат. Айрымдар өздөрү келип кармап алышат. Балыктын 1 кг 350 сомдон жогору баалайбыз.

Балык багууда көп мээнет керек десем жаңылышпайм. Балык тазалыкты сүйгөндүктөн сууну убагында тазалап, жемин өз убагында берип туруу шарт. Жемди күнүнө 3 маал балыктын көлөмүнө жана суунун температурасына жараша беребиз», - деди М.Сооронбаев.

Алдыда ишкер дагы бир көлмө жасап, анын жанына эс алуучу жай уюштурууну максат кылып жатат.

М.Сооронбаев жубайы Ж.Исраилова менен баш кошконуна 12 жылдын жүзү болду. Алар 1 кыз, 2 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1634
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×