Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Ат-Башы районунда беш билим берүү мекемеси курулуп жатат

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунда беш билим берүү мекемеси курулуп жатат. Бул тууралуу облустук усулдук билим берүү борборунан Сейтек Кошалиев билдирди.

Маалым болгондой, Ат-Башы айылындагы 120 орунга ылайыкталган К.Тыналиев атындагы бала бакчанын курулушу 2014-жылы башталып, 1-2-кабаттарынын дубалы тургузулуп, чатыры жабылган.

«Казыбек айылындагы «Казыбек-Жеткинчек» бала бакчасынын курулушу 2015-жылы башталып, жер төлөсү бүткөрүлгөн. Бирлик айылындагы С.Мырзакматов атындагы орто мектебинин курулушу акча каражатынын жоктугунан токтоп турат. Ал эми, Ак-Муз айылындагы С.Исраилов атындагы бала бакчанын жер төлөсү бүткөрүлүп, каркастары тургузулду, Дыйкан айылындагы А.Капаров атындагы орто мектебинин курулушу арабиялык демөөрчүлөр тарабынан жүргүзүлүүдө», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1050
×