Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Нарындык А.Калчаев ат жабдыктарды жасап, 35 миң сомго баалайт (фото)

Turmush -  Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылынын 39 жаштагы тургуну Азамат Калчаев 10 жылдан бери ат жабдыктарынын түрүн жасап, киреше табат. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

«Мындан 10 жыл мурун ат таптап жүрүп, ат жабдыктарын жасоого жана ээр чабууга кызыгып, ат жабдыктарынын түрүн жасоону үйрөндүм. Нокто, жүгөн, куюшкан, эрдик, ээр токум жана башка жабдыктарды кайыштан, карагайдан жасап, аларды 35 миң сомго баалайм. Ал эми, ээрдин өзү 5 миң сом болот. Жабдыктарга көрк берүү үчүн кардарлардын табитине карап ар кандай оюмдарды түшүрүп берем. Негизинен буйрутма менен иштейм. Ат жабдыктарын жасоодон сырткары бешик жасап, комуз чабам. Бирок ээр чабууга көбүрөөк кызыгып, басымды ошого жасайм.

Андан сырткары, айылда дыйканчылык менен алектенип, жер иштетем. Алдыда эмгектеримди көргөзмөлөргө алып чыгып жана чакан ишкана ачып, ээр чабууга кызыккан балдарды үйрөтөйүн деген оюм бар», - деди ал.

Азамат Калчаев жубайы М.Жантелиева менен баш кошконуна 13 жылдын жүзү болду. Алар 3 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 805
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×