Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Нарын облусун 30% электр жарыгы менен камсыздаган Ат-Башы ГЭСинин сүрөттөрү

Turmush -  Ат-Башы ГЭСинин курулушу Нарын районуна караштуу Достук айылында башталып, 1970-жылы ишке киргизилген.

Ат-Башы ГЭСи Ат-Башы суусунун Нарын дарыясына куйган жерине чукул курулган, тосмосунун бийиктиги 79 метр, узундугу 50 метр, жазылыгы 15 метрди түзөт. Бийик тоолуу эң арзан электр энергиясын берген станциялардын бири болуп эсептелип, Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы райондорун жана Нарын шаарын, жалпысынан Нарын облусунун 30%ын  электр жарыгы менен камсыз кылат. Кубаттуулугу 40 мегаватты түзөт. Суу сактагычынын узундугу 7 км, көлөмү 7600 миң метр куб, долбоордогусу 9 миң м куб болуп салынып, 9 млн куб сууну сактайт. Өндүрүш процесси автоматташтырылган, 4 генератору толук кубаты менен иштегенде 1 секундда 17,5 м куб суу чыгымдалат.

1996-жылы 140 млн 014 миң кВт/саат энергия иштеп чыккан. Бүгүнкү күндө орточо эсеп менен жылына 150 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгууда. Түндүк электр системасына кошулган. Учурда ГЭСте 95 киши иштесе, анын ичинен 70 кызматкери Достук айылынын жашоочулары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1714
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×