Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ат-Башыда Эгемендүүлүк күнгө карата даярдыктар аяктады

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлө турган иш-чараларга даярдыктар көрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондун акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиева билдирди.

Анын айтымында, райондун борборуна көрнөк-жарнактар, чакырыктар илинип, майрамдык маанайда жасалгаланды.

«Майрамдык салтанат 31-август күнү саат 10:00дө жергиликтүү бийлик, коомчулуктун жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда башталып, майрамдык куттуктоолор айтылат. Андан соң мектеп окуучуларынын жана өнөрпоздордун катышуусунда театрлаштырылган оюн тартууланат. Ошондой эле, тургундардын катышуусунда ар кандай спорттук мелдештер уюштурулуп, маданият кызматкерлери чоң программадагы концерт коюшат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 638
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×