Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Бирлик айылындагы ата-энелер кулайын деп калган мектепке балдарын жибербей жатышат (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылындагы орто мектептин имараты авариялык абалда болгондуктан ата-энелер балдарын окууга жибербей жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов айыл тургундары менен болгон жолугушууда мектептин мугалимдери билдиришти.

Маалым болгондой, Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айыл аймагынын Бирлик айылындагы С.Мурзакматов атындагы орто мектептин курулушу көптөн бери бүткөрүлбөй, окуучулар авариялык мектептин имаратында окуп келишкен.

«Мен бул айылда бала чыгымдан бери жашап келем. Бул мектепте менин балдарым, неберелерим билим алышууда. Мектеп авариялык абалда болгондуктан окууга балдарымды, неберелеримди жиберген жокмун. Мен эле эмес айылдын дээрлик көпчүлүгү балдарын жибербей жатышат», - деди айыл тургуну Урматгүл.

Мугалимдердин айтымында, эскилиги жеткен мектеп бул жылы дагы утурумдук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кыйшайып урайын деген дубалы атайын тирөөчтөр менен тирелип, жаңы окуу жылын баштаган. Бирок ата-энелер авариялык абалдагы мектептен кооптонуп, балдарын окууга жибербей жатышат.

«Бүгүнкү күндө окуу класстарынын полдорун мугалимдер мүмкүн болушунча сырдап чыгышты.
Жаңы мектеп 2013-жылы курулуп баштаган. Бирок ушул күнгө чейин курулушу бүтө элек. бир кабаттан турган 250 орундуу мектепке биринчи транш менен Түркия грантынан 23 млн сом бөлүнгөн. Бул каражатка мектептин дубалы тургузулуп, шыбалып, чатырлангандан кийин бюджеттин тартыштыгынан 2015-жылы курулуш иштери токтоп калган. Быйылкы жылдын биринчи жарымында республикалык бюджеттен 5 млн сом каражат каралып, кайрадан улантылган. Бирок бул каражатка жаңы мектеп толук бүтөт деп айтуу кыйын. Курулушту толук бүткөрүп, ишке берүү үчүн дагы 30 млн сомдой каражат керектелет экен», - деди мектеп директору Айбек Исаев.

Ал быйылкы жаңы окуу жылында балдарды кооптонуу менен кабыл алып, окутуп башташканын кошумчалады.

«Өткөн окуу жылын жаныбызды оозубузга тиштеп, кырсык болуп кетпесин деп тиленип жатып бүткөрдүк. Айылда убактылуу кирип, окутуу процессин жүргүзүүгө башка имараттар жок. Мына ушундай аргасыз абалда турабыз», - деди мектеп мүдүрү.

Ал эми мектептин авариялык абалын көрүүгө келген эл өкүлү Ж.Турускулов бул маселени Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгарын билдирди.

«Мектептин абалы аябай начар экен. Жаңы салынып жаткан мектептин курулушуна 60 млн сом каралган экен, бул көп деле акча эмес. Өкмөт 2016-жылы курулуш иштери токтоп калган мектепке акча бөлсө, эбак эле бүтмөк. Азыркы авариялык абалдагы мектепте жалпысынан 280 окуучу билим алышат. Ал эми, курулушу токтоп калган жаңы мектеп 225 орундуу гана болуп салынып жатыптыр. Бул туура эмес. Бул маселени Жогору Кеңеште көтөрүп чыгам. Ошондой эле, мектептин сапатсыз курулуш иштери боюнча да териштирүү иштери жүргүзүлөт», - деди депутат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3295
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×