Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Төшөктө жаткан түймөчү К.Черикбаевага материалдык жардам көрсөтүлдү (видео, фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылынын Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектебинин төшөктө жаткан 6-классынын окуучусу Кыял Черикбаевага Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана Ат-Башы районунун социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 2000 сом акчалай жардам берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга социалдык өнүгүү башкармалыгынан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, 2004-жылы 7-сентябрда туулган Кыял Черикбаева кыр аркасынан операция болгон.

«Кыялды Боогачы Жакыпбек уулу атындагы орто мектебинин мугалимдери үйүнө барып окутуп жатышат. Атасы Майрамбек Черикбаев каза болуп калган, энеси Чолпон Черикбаева Ат-Башы айылына турмушка чыккан. Азыркы учурда Босого участкасында жашайт. Кыялдын таятасы Турганбай Черикбаев 4200 сом пенсия, ал эми таенеси Гүлжамал Асаналиева 4300 сом пенсия алат, жашоо шарты начар.

Кыял Черикбаева 6 жашында эхинококкоз оорусуна кабылып, боорун алдырса, 9 жашында тамагынан ангинасын алдырган. Ал эми, 10 жашында өтүнөн жана он эки эли ичегиси жабышып калгандыктан операция болгон. Мындан тышкары кальций жетишпегендиктен кыр аркалары ажырап кетип, жакында эле операция болуп, темир койдурган.

Жаш кол өнөрчү келечекте өзүндөй болуп ооруган адамдарды айыктырып, мыкты дарыгер болууну кыялданат. Таята, таенесинин колунда тарбияланып жаткан Кыял үй-бүлөдө жалгыз кыз.

Кыялга жардам берүүнү каалагандар апасы Гүлжамалдын 0701 90 80 49 номуруна чала алышат.

Тема боюнча: Түймөдөн тапкан акчасына дары-дармек алган К.Черикбаевага акчалай жардам берилди (фото)

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1529
Көп окулду
×