Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Дыйканга курулуп жаткан мектептин жаңы имараты келерки жылы пайдаланууга берилет

Turmush -  Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Дыйкан айылындагы И.Капаров атындагы орто мектебинин жаңы имараты курулуп жатат. Бул тууралуу мектеп директору Айнагүл Мырзакматова билдирди.

Анын айтымында, мектептин эски имаратынын полдору чирип, ар кандай жыт чыгып, жараксыз абалга кептелген. Мындан улам сыйымдуулугу 180 орунга ылайыкталган 1 кабаттуу жаңы мектептин курулушу башталган. Имараттын курулушуна араб демөөрчүлөр 6 миллион сом беришсе, айыл өкмөт тарабынан 1 миллион 300 миң сом бөлүнгөн. Ал эми айыл тургундары 180 миң сом акча каражатын кошумча катары беришкен. Учурда мектептин имараты курулуп бүтүп, ичин жасалгалоо, айланасын тосуу, жылуулук киргизүү иштери жасалып жатат. Мектептин курулушун толук бүткөрүү, пайдаланууга берүү иштери келерки жылы ишке ашат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1336
×