Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Нарындыктар жөлөк пулдар боюнча өзгөртүлүп жаткан мыйзамга каршы Бишкек—Торугарт жолун тосушту (фото, видео)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургундары жөлөк пулдар боюнча өзгөртүлүп жаткан мыйзамга каршы чыгып, кечээ, 15-декабрда Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолун тосушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, жергиликтүүлөр 2018-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кире турган «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» мыйзам долбоорунун айрым пункттарына тактап айтканда, «Балага жөлөк» бөлүмүндө каралган чектөөлөргө каршы.

Алар жолду түшкү убакыттан кечке маалга чейин тосушкан. Чогулгандар алардын талабы аткарылбаса райондун жана облустун борборунда митинг уюштура тургандыктарын билдирип, тарап кетишкен.

Буга чейин 13-декабрда Нарын шаарынын тургундары бул мыйзамга каршы акция акцияга чыгышкандыгы маалымдалган.

Акцияга болжол менен 50дөй адам чыгышкан. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана анын орун басары Жаркын Ибраева акцияга чыккандар менен жолугушуу үчүн борбордук аянтка чыгып, элдин талаптарын угуп, мыйзам тууралуу түшүндүрмө беришкен. Чогулгандар тез арада мыйзамды иштеп чыккан Жогорку Кеңештин депутаттарын Нарынга келүүсүн талап кылып, мыйзам долбоорун кайра карап чыгуу боюнча жогорку бийлик бутактарына кайрылуу жолдошкон.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсация башкармалыгынын башчысы Жыпара Рысбекова Turmush басылмасына билдиргендей, мамлекеттик жөлөк пулдар системасы 1998-жылдан бери иштеп келет. Аны берүүдө үй-бүлөнүн бардык кирешелери саналчу.

«Азыркы иштеп жаткан мыйзамда жөлөк пулга муктаж эмес жарандар жергиликтүү башкаруу органдары менен сүйлөшүп алышып, жакыр жашаган үй-бүлө экендигин тастыктаган маалымдама жана документ толтурушчу. А, чындыгына келгенде мындай үй-бүлөлөр насыяларды алып, балдарын жогорку окуу жайларда окутушуп, унааларга, айрым учурда 2-3 автоунаага ээ болгон учурлар кездешет. Ал эми, айрым үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү сыртка иштегени чыгып, үйлөрдү куруп ошол эле учурда мамлекеттен жөлөк пул алышат. Жада калса ата-энелер балдарына фамилиясын бербей, камкордук көрүүнү неберелерине каттаткан учурлар болгон. Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам жөлөк пулга муктаж болгон жарандар тастыктоочу документтерди алуу үчүн жергиликтүү башкаруу органдары менен сүйлөшө албай, азыркы иштеп жаткан системага кире алышчу эмес. Ал эми, жаңы мыйзам мындай паракорчулукка бөгөт коет», - деп билдирген.

Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова Нарынга атайын иш сапары менен барып, жаңы мыйзам долбоору боюнча тургундар жана социалдык кызматкерлер менен жолугушкан болчу.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, жолугушуу Нарын шаардык мэриясынын залында өтүп, ага облустун башчысы Аманбай Кайыпов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, социалдык кызматкерлер жана шаар тургундары катышкан. Жолугушуунун жүрүшүндө жөлөк пул боюнча өзгөртүлүп жаткан мыйзам долбоору тууралуу жалпы маалыматтар берилген эле.

«Кыргызстанда 2018-жылдын январь айынан тарта мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү жаңы мыйзам күчүнө кирет. Азыркы мыйзам эскилиги жетип, актуалдуулугун жоготуп, коррупция боюнча доогерлер өтө көп болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6407
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×