Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 17.12.2017 12:05

Тагдыр: Операция жасатууга муктаж 27 жаштагы Болсунга апасы бир бөйрөгүн берүүгө даяр (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын 27 жаштагы тургуну Болсун Жума кызы бөйрөгүн алмаштыруу үчүн жардамга муктаж. Учурда ал гемодиализ аппараты менен жашап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын апасы Кулуйпа Ибраева билдирди.

Анын айтымында, кызынын эки бөйрөгүнө тең суук тийип, дарыланып келет. Учурда анын абалы оор болуп, операция жасатууга муктаж.

«Бир бөйрөгүмдү берүүгө даярмын. Бирок анализим таза чыгуусу керек. Эгер таза болбосо башка бөйрөк табуу зарыл. Анда донор болгон адамга 20 миң доллар мындан тышкары, операцияга 22 миң доллар керек болууда. Жолдошум да ашказандын рак оорусу менен жабыркап, төшөктө жатат», - деди ал.

Б.Жума кызы 10 жыл мурун бөйрөктөрүнө суук тийгизип алган. Ал ошол мезгилден бери дарыланып келет.

«Кийин турмушка чыгып кош бойлуу болгондо кан басымы көтөрүлүп, боюнан алдыртууга туура келген. Андан кийин оорусу күч алып, оор абалга түштү. 2016-жылдын июль айынан бери менчик ооруканаларда гемодиализ аппаратында дарыланып жатат. Буга жумасына 5 миң 400 сом сарпталат. Кызымдын дарылануусуна бир туугандарыбыз, айылдаштарыбыз, каражат жактан жардам берип келишет. Ага операция жасатуу үчүн көп суммадагы акча керек болгондуктан кайрымдуу элден жардам сурайм.

Кызымдын операциясына каражат чогултуу үчүн 18-декабрда кайрымдуулук концерт болот. Концерттин билеттери толугу менен сатылса 600 миң сом чогулат. Анын 100 миң сому ижара акысына берилсе, 100 миң сому дагы бир жардамга муктаж жаранга берилет», - деди ал.

Жардам берүүнү каалаган адамдар 0705680304 (Кулуйпа Ибраева) номуру аркылуу байланышса болот.

Алуучу: Ибраева Кулуйпа Шаршеналиевна
Банктагы эсеби: 1031320200701742

«Коммерческий банк КЫРГЫЗСТАН» ЖЧК
БИК- 103013
ИНН Банка- 41103200810233

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×