Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Нарында бодо малдын салмагын атайын ченегич менен өлчөп сата башташты

Turmush -  Кочкор жана Ат-Башы райондорундагы мал базарларда сатыктагы бодо малдын канча килограмм эт берерин жана тирүүлөй салмагы канча чыгарын таразасы жок аныктай турган атайын ченегичтер иштетиле баштады. Бул тууралуу мал сатуу менен алектенген ишкерлер кабарлашты.

«Мындай сызгычтарды Бишкектеги ветеринардык дарыканалардан алып келип колдонуп жүрүшөт. Биз атайын эксперимент жүргүзүп көрдүк. 2 уй сатылып алынып, биринин курсагынын чоңдугу 171 см болуп, орто эттүү болгондуктан 385 кг салмакты көрсөттү. Аны касапканага жеткирип, электрондук таразага тартканда 381 кг чыкты. Союлгандагы салмагы 166,8 кг болду.

Ошондой эле экинчи уйдун курсагынын чоңдугу 174 см болуп, семиз болгондуктан 403 кг көргөзгөн. Электрондук тараза боюнча 405 кг болду. Союлгандагы салмагы 179,4 кг түздү. Малдын тирүү салмагын аныктай турган сызгыч 3-4 кг гана адашпаса, болжолдуу салмагын чыгаруу менен малдын туура баасын аныктаганга жардам берет», - деди соодагерлер.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1413
Көп окулду
×