Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Ат-Башыда аз камсыз болгон 130 үй-бүлөгө 1 тоннадан таш көмүр таратылды (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда аз камсыз болгон 130 үй-бүлөгө 1 тоннадан таш көмүр таратылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Ат-Башы айыл өкмөт башчысы К.Чоробеков билдирди.

Анын айтымында, 80 тонна таш көмүр жергиликтүү бюджеттин эсебинен, ал эми 50 тоннасы жеке ишкерлер тарабынан таратылууда.

«Ат-Башы айыл өкмөтү тарабынан айылдын эң аярлуу катмары болгон аз камсыз үй-бүлөлөргө кышка карата жергиликтүү бюджеттин эсебинен 200 миң сом акча каражаты каралып, 80 тонна таш көмүр алынып келинди. Мындан тышкары жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, 50 тонна кошумча бекер таш көмүр таратылууда», - деди ал.



Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1224
Көп окулду
×