Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Бала тили — бал: Ат-Башынын сары кулунумун, - 3 жаштагы Баймырза (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылында жашаган 3 жаштагы Баймырза Улукманов.

- Атың ким?

- Улукманов Баймырза Тынчтыкович.

- Канча жаштасың?

- Үчкө толдум.

- Каяктыксың?

- Ат-Башынын сары кулунумун. Уруум асык.

- Кимди жакшы көрөсүң?

- Чоң энемди.

- Чоң энең сени жакшы көрөбү?

- Оба сары кулунум дейт.

- Атаң сени урушабы?

- Уршат.

- Эмне деп урушат?

- Эй эмне тийдиң, деп (кабагын бүркөп). Анан мен корком.

- Атаң эмне болуп иштейт?

- Канторго барып жер адис болуп.

- Апаңчы?

- Ммм анлисче савак окуп (мугалим).

- Апаң сулуубу же акылдуубу?

- Сулуу.

- Сулуулар кандай болот?

- Апамдыкыдай чачы болот.

- Канча бир туугансың?

- Бөбөгүм Баймырза.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Милиса.

- Милициялар эмне кылат?

- Жаман кишилерди кармайт.

- Жаман кишилер кандай болот?

- Сакалчандын бары жаман.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1886
Көп окулду
×