Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 25.12.2017 08:03

Ак-Музда заманбап үлгүдөгү бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Ат-Башы районундагы Ак-Муз айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Муз айылында «Исраилов Саяк» атындагы бала бакчанын жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Буга айыл тургундары кубанып жатышат, деп билдирди бала бакчанын директору Үмүтай Сулайманова.

Салтанаттуу аземге айыл тургундары, коомдук ишмерлер, райондук жана облустук бийликтин өкүлдөрү катышты. Облус жетекчиси Аманбай Кайыпов куттуктоо айтып, ак жолтой бала бакча болушун каалап, кызыл тасмасын кести.

Жаңы имарат «Айылды инвестициялоо-3» долбоорунун алкагында 13 миллион сомдук каражатка заманбап үлгүдө курулган. Курулушка жергиликтүү бюджет 1,5 млн сом салым кошту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×