Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 26.12.2017 18:32

Ак-Талаанын 2 айылында жергиликтүү жамааттын жоболору кабыл алынды (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап жана Кызыл-Белес айылдарында жергиликтүү жамааттын жоболорун кабыл алуу үчүн I элдик курултай өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга юрист Улан Жаанбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган айылдарда буга чейин жергиликтүү жамааттын жобосу болгон эмес.

Кабыл алынган жоболор:

-жалпы жоболор;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер;

-жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары;

-жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери;

-корутунду жоболор.

Жергиликтүү жамааттардын жоболорун кабыл алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жарандык коом менен биргеликте өнүгүү долбоорун колдоо фонду (GIZ) тарабынан өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×