Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Кызыл-туулуктар айыл өкмөттүн имаратында өңү өчүп, тытылган желектин илинип тургандыгына нааразы (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн имаратында илинип турган желектин өңү өчүп, тытылып калган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, мамлекеттик желектин өз учурунда алмаштырылбаганы кайдыгерлик мамиле.

«Мамлекеттик желекти илгенге жараша аны өз убагында карап, эскирген учурда алмаштырып турушса жакшы болмок. Тытылып, эскирип калган желекти алмаштырбоо мамлекетти сыйлабастык болуп эсептелет. Айылдын көрүнүктүү мекемесинде тытылган жана эскирген желектин илингени өтө кейиштүү көрүнүш», - деди айыл тургундары.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2390
Көп окулду
×