Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 04.01.2018 13:02 На русском

Ат-Башыдагы асфальтталган унаа жолдо жаракалар пайда болууда, - тургундар (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы өрөөнүндөгү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 30-50- чакырымындагы асфальт жолдордо жаракалар пайда болуп, ал бир топ сантиметрге чейин ажырап кеткен. Бул тууралуу айыл тургуну, айдоочу Жамал Алсейитов билдирди.

Ж.Алсейитовдун ушул аймакта унаа айдап иштеп жатканына бир нече жыл болгон. Анын айтымында, Таш-Рабат, Ак-Бейит эс алуу жайларынын аймагындагы жолдо 2 жыл боло электе эле жарака кете баштаган.

«Өкмөттүн жолдордун сапатын караган комиссиясы кайда? Эмнеге жеринде карашпайт», - деди Ж.Алсейитов.

Учурда аймактык кабарчы бул маселе боюнча тиешелүү түзүмдөрдөн жооп алууга аракет кылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×