Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Айыл турмушу: Ат-башылык А.Айнишов күнөсканада бадыраң өстүрүп, түшүмүн жергиликтүү базарларга сатууда (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 29 жаштагы тургуну Адилет Айнишовдун күнөсканасына эгилген бадыраң бышып, түшүм берип баштады. Анын иши менен аймактык кабарчы таанышты.

Ишкердин айтымында, бул күнөскананы былтыр 2017-жылдын жаз айларында иштетип баштаган.

«Мындан 1 жыл мурун сатуучу болуп иштеп жүрдүм. Былтыр 2017-жылдын жаз айларына чейин бул күнөскананы куруп, бадыраң айдап баштадым. Башында кыйналып, жакшы өстүрө албай, быйылкыдан начар чыгып калган. Ал эми быйылкы жылы түшүмдүүлүгү жакшы болуп чыкты. Бүгүн быйылкы жылдын алгачкы түшүмүн алдык», - деди айыл тургуну.

Адилет Айнишов күнүгө 10-15 кг салмакка чейин түшүм алып, сатыкка чыгарып баштады.

«Күн ачык болсо күнөскананын ичиндеги бадыраңдардын түшүмдүүлүгү да жакшы болуп, 10-15 килограммга чейин түшүм берип турат. Ал эми күн бүркө болуп калса, бадыраңды күн алыс теребиз. Түшүмдү биздин Ат-Башыдагы базарга же Нарынга сатабыз. Эгер көбүрөөк болсо Бишкек шаарына да алып чыгууга болот», - деди ал.

Адилет учурда бул күнөскананы дагы кеңейтип жатат. Анын жалпы чыгымы 400 миң сомдон ашкан.

«Күнөскананы иштетип кете алам деп өзүмө ишенип куруп баштагам. Дагы кеңейтүүнү пландап, экинчи жагынын курулушу аяктап калды. Буюрса ушул жылдын күз айларында эки күнөскана тең иштеп баштайт», - деди ишкер.

Ал күнөсканадагы ишти толугу менен өз мойнуна алган.

«Бул өсүмдүктөрдү өзүм эле карап турам. Таң аткандан баштап түнкү саат 12:00гө чейин карайм. Жумуштап 2-3 күнгө кетсем өсүмдүктөр жүдөп, башкача болуп калат. Буларды үй-бүлөмдөй эле көрүп, ооруп калса дарылап, сууну жылытып берип, жылуулугун тез-тез карап көзөмөлдөп турам», - деди ал.

Адилет Айнишов учурда 2 кыздын атасы. Жубайы Гүлзат Дүйшөнкул кызы үй кожойкеси. Үй иштери жана балдарын тарбиялоо менен алек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2370
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×