Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 15.01.2018 14:01

Айыл турмушу: Бакшы атка конгон Н.Түмөнбаева шырдак шырып, түймө түйөт (фото)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 46 жаштагы тургуну Нүргүл Түмөнбаева шырдак шырып, түймө түйөт. Анын эмгегин аймактык кабарчы көрүп келди.

Чебер айымдын айтымында, кол өнөрчүлүк менен 11 жашынан бери алектенип келет.

«Мен узчулук өнөрүн Ат-Башы айылында мектепте окуп жүргөн кезде үйрөнгөм. Апам дагы чебер айым. Апамдын узчулук өнөрү өтсө керек. Шырдак, кийизди бош болгон кезде жасасам, учурда түймө түйүү менен алекмин. Жасаган эмгектеримди сатпастан үй-бүлөмө жана туугандарыма белек катары берем. Ал эми жайкысын жайлоодон сары май, сүзмө, курут жасап, кышкысын сатып, кошумча киреше табам», - деди ал.

Н.Түмөнбаева коркуп калган кичинекей балдарды ырымдагандыктан айылдаштары аны бакшы деп атап коюшкан.

«Балдардын жүрөгүн көтөрүү таятамдан калса керек деп ойлойм. Себеби ал убагында Кара-Булуң айылында чоң молдо жана тамырчы болгон. Ооруган адамдарды көрүп, чөп менен дарылап айыктырган. Мен анчалык деңгээлде болбосом да, боюнан козголгон келиндердин жана корккон жаш балдардын жүрөгүн көтөрүп турам. Өзүбүздүн айылдан гана эмес башка айылдардан дагы келип кетишет. Кошуна, теңтуштарыбыз "биздин бакшыбыз" деп күлүп калышат», - деди ал.

Н.Түмөнбаева кесиби боюнча технолог. Жолдошу А.Тополоңов экөөнүн баш кошконуна быйыл 26 жылдын жүзү болду, учурда алар 1 кыз, 2 уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×