Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Ат-Башыда балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча акция уюштурулду (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунун борборунда кечээ, 15-январда балдардын жолдогу коопсуздугун камсыздоо боюнча акция өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акциянын уюштуруучусу Элмира Ниязбекова билдирди.

Анын айтымында, Ат-Башыда 2017-жылы окуучулардын катышуусунда 2 жол кырсыгы катталган жана жол кырсыктарын алдын алуу боюнча мектеп окуучулары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен биргеликте акция өткөрүшкөн.

«Акциянын негизги максаты — балдардын, мектеп окуучуларынын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу. Былтыр Ат-Башы айылынын өзүндө эле эки окуучунун катышуусунда жол кырсыгы катталган болчу. Жол кырсыктарын азайтуу боюнча учурда айылдык кеңеш менен биргеликте жол белгилерин жана жол чырактарын мектептердин айланасына коюуну сунуштап жатабыз», - деди Э.Ниязбекова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2146
Көп окулду
×