Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Нарын

Видео - Ат-башылык И.Акматов аялы интернатка өткөргөн 6 баласын кайра алып, жалгыз тарбиялап жатат

Turmush -  Жалгыз бой ата Ишенбек Акматов учурда Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында батирде алты баласы менен күн кечирип келүүдө. Ал аялы менен 2001-жылы баш кошуп, бирок кичүү кызы төрөлгөндөн кийин ажырашып кеткен. Ишенбек Акматовдун жашоосун аймактык кабарчы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, аялы менен баш кошкон жылдары жакшы жашап, 2003-жылы экөө Казакстанга барып, мал багуучу болуп иштеп жүрүшкөн.

«Келинчегим Ак-Талаа районунан эле. Экөөбүз 2001-жылы баш кошуп, жакшы эле жашап жүрдүк. 2003-жылы Казакстанга барып иштедик. Ортодон балдарым дагы төрөлүп жатты. 2010-жылы Кыргызстанга келип, Токмок шаарында жашообузду улантып, турмуштун ысык-суугун бирге татып жүрдүк. Бирок аялым ичкиликке жакындай баштады. Башында анда-санда гана ичсе, кийин ичкени көбөйдү. Ошентип жүрүп, мындан бир жарым жыл мурда кичүү кызыбызды төрөгөндөн кийин балдардын баарын Токмоктогу балдар үйүнө өткөрүп жиберди. Андан соң экөөбүз эки жолго түштүк», - деди ал.

И.Акматов балдарын Токмок шаарындагы балдар үйүнөн 6 айдан кийин алганын кошумчалады.

«Балдарымды балдар үйүнөн кайра алдым. Чындыгында энеси жок балдарды жалгыз багуу бир топ түйшүктүү иш экен. 2017-жылдын ноябрь айында балдарымды алып, өзүм төрөлүп өскөн Кара-Суу айылына келдим. Ата-энем Токмок шаарына көчүп кеткендиктен өзүмө таандык турак үй жок. Мындан улам кароосуз калган ээн үйгө батирге кирип жашап жатабыз. Алты балам бар — 4 эркек жана 2 кыз. Алардын улуусу 15 жашта, кичүүсү 1,5 жашта. Балдарды карашууга улуу кызым жардам берет. Айылга келгенден бери кайдыгер карабаган айылдыктар ар кандай жардамдарын берип жатышат», - деди И.Акматов.

Анын алты баласынын үчөө мектепке, бирөө бала бакчага барат. Жакында эле ал балдарына жөлөк пул алууга тийиштүү документтерди топтоп, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө өткөргөн. Учурда жалгыз бой ата айылдагы өзүнө таандык 50 сотых жерин жаз алды менен иштетип, дыйканчылык кылууга даярданып жатат.

Анын бир тууган агасы Бейшенбек Акматов да кабарчынын суроосуна жооп берди.

«Ишенбек менин бир тууган иним болот, жубайы менен баш кошкондон кийин ушул эле айылда жашап жүрдү. Кийин Казакстанга иштеп кетти. Кайра Кыргызстанга келип, Токмокто жашап жүрдү. Аялы ичип, балдарын балдар үйүнө өткөрүп, бир баласын күрөөгө коюп койду. Иним балдарды кайра балдар үйүнөн алып келди, ал эми күрөөгө коюлган баласын кайтарып алды», - деди Б.Акматов.

Ишенбек Акматов 1976-жылы 15-августта Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9208
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×