Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

«Мекендештер»: Америкада акысыз билим алып жаткан Б.Бактыбеков маалымат технологиясы боюнча долбоорлор менен иштеп жатат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында туулган 22 жаштагы Билимбек Бактыбеков учурда Америкада билимин улантып жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Билимбек Бактыбеков үй-бүлөдө жалгыз бала. Кичинекей кезинде ата-энеси ажырашып, апасы Дамира Өмүрзакова жалгыз тарбиялаган. Учурда апасы айыл өкмөттө социалдык кызматкер болуп эмгектенет.

Б.Бактыбеков бала кезинен эле билимге умтулган, кыялкеч, шайыр бала болгон. Ал Ой-Терскен орто мектебинде 2009-жылга чейин 6-классты окуп бүтүрүп, Нарын түрк лицейине өткөн. 2014-жылы лицейди аяктап, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин радио-телеберүү жана кино искусствосу тармагына тапшырган. Ушул мезгилде студенттердин алмашуу программасы менен АКШда билим алып жатат. Бул программа Кыргызстандагы АКШ элчилиги тарабынан каржыланып, студенттерге акысыз билим берилет.

«Максатым — терең билим алуу менен өлкөмдөгү туризм тармагындагы көйгөйлөрдү интернет-технологияларын колдонуу аркылуу чечүү. Бардык тармакка IT жаатындагы бизнес долбоорлорун киргизүү жана кайра иштеп чыгуу. Бул окуу программасына өтүүдө студенттердин арасында конкуренция абдан күчтүү. Жылына 5 студентти гана кабыл алышат. АКШнын билим берүү системасы башкача. Бул жерде каалаган тармактан сабак алып окусаңыз болот. Мен бизнес, экономика жана IT тармактарынан билим алуудамын жана жаңы долбоорлордун үстүнөн иштеп жатам», - деди Б.Бактыбеков.

Билимбек окуусунан тышкары IT (маалымат технологиясы) долбоорлорго жана туризмге кызыгуу менен социалдык тармакта атайын блок ачып, АКШнын жашоосун, турмуш жолун, өнүгүүсүн деги эле бул өлкөнүн жашоо образын жазып, коомчулукка жарыялап турат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2128
Көп окулду
×