Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Нарын районундагы эки айылдын башчылары өткөн жылдагы аткарган иштери боюнча отчет беришти (фото)

Turmush -  Нарын районундагы айыл өкмөт башчылары 2017-жылды жыйынтыктаган отчетторун беришүүдө.

Аймактык кабарчы билдиргендей, бир жыл ичинде жүргүзүлгөн иштеринин жыйынтыктарын чыгарган жыйындар район бийлиги менен облус башчысынын катышуусунда жүрүп жатат. Дөбөлү айыл өкмөтүндө өткөн жыйында район акими Түгөлбай Жанбоев айыл өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган жумуштарына канааттанбагандыгын билдирип, анализ кылынбаганына жана пландалган иштер эмне себептен бүтбөй калгандыгына тынчсызданып, айыл өкмөт башчы Улан Алсеитовдун дарегине бир катар сындарды айтты. Ошону менен бирге айылдык маданият үйүнүн имараты жыл сайын жылытылбай жатканына, анда иштеген 3 кызматкердин эмне иш кылып жаткандыгына кызыкты. Жыйында чыгып сүйлөгөн айыл тургундары айыл өкмөттүн деңгээлинде чечилбей жаткан маселелерге токтолсо, айрымдары аткарылып жаткан иштер туурасында айтып өтүштү.

Ал эми, Орток айыл өкмөтүндөгү элдик жыйындын жүрүшүндө айыл башчысы Алтынбек Сеңирбаевдин өткөн жылдагы иштери жөнүндө маалымат берилди. Ал айыл чарбасында белгиленген пландар аткарылгандыгын айтып, өзгөчө кырдаалдар боюнча бир катар иштер жасалганына токтолду. Ошону менен бирге тейлөө мекемелеринин жакшы иштери белгиленди.

Эки айыл өкмөттө өткөн элдик жыйынга район башчысы Түгөлбай Жанбоев жана облус өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Азисов катышып, аймактарды өнүктүрүү багытында алдыда аткарылуучу милдеттерге токтолуп, бир катар маселелер боюнча тапшырмаларды беришти. Жыйынтыгында эки айыл өкмөттө өткөн жыйындын катышуучулары айыл өкмөт башчыларынын жыл ичинде жүргүзгөн иштерине канааттандырарлык деген бааларын көрсөтүштү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1150
Көп окулду
×