Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Сүйлөшкөн кызына жолугууга барып, муунган жигит: Маркумдун ата-энеси анын киши колдуу болгонун айтышууда (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында электр мамыга өзүнүн моюн орогучу менен муунуп каза болгону айтылган 18 жаштагы жигиттин ата-энеси анын өлүмүнөн күмөн санап, киши колдуу болушу мүмкүн экендигин аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, учурда баласынын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрбөй жатат. Маркумдун атасы Таалайбек Малаев уулу 2017-жылы мектепти аяктагандан кийин милиция кызматкерлерин даярдаган окуу жайга өтпөй калгандыгын жана анын мүнөзү жоош болгондугун, кишиге жаманчылыгы жок экендигин айтты. Ошондой эле, баласы айылдаш кыз менен эки жылдан бери сүйлөшүп жүргөндүгүн билдирди.

«Менин балам 11-классты 2017-жылы бүттү. Окууну бүткөндөн кийин милиция кызматкери болом деп Бишкекке барган. Бирок милициянын окуусуна өтпөй калып, шаарда иштеп жүрдү. Сүйлөшүп жүргөн кызы июнь-июль айында аркасынан барыптыр. Бирок мен ал кыздын уулумдун артынан баргандыгын жактырган жокмун. Мындан улам баламды бул кыздан алыстатуу үчүн 10-сентябрда Россияга өзүм менен чогуу алып кеткем. Экөөбүз 2017-жылдын 25-декабрына чейин Россияда иштеп жүрүп, жаңы жылдын астында айылга келдик. Келгенибизге көп өтпөй баягы кыз кайра баламдын жанында пайда болуп калыптыр. Бул көрүнүштү жактырбай, уулумду жаңы жылдан кийин Бишкекке кетирейин деп жаткам. Ортодон эле мындай жаман иш болуп кетпедиби. Баламды кошуналарым, айылдаштарым жакшы адам экенин билишет. Ал момун, эч кимге жамандыгы жок бала эле. Оозуна спирт ичимдигин, чылымды алчу эмес. Болгону жанагы кыз баламдын аркасынан ээрчип жүрүп алды», - деди ал.

Ал эми, маркум Тилектин апасы Динара Жусубалиева уулунун муунуп каза болгондугун анын сүйлөшкөн кызынан уккан.

«9-январь күнү кечинде балам сүйлөшүп жүргөн кызына жолукканы кетиптир. Кечки саат 21:30 чамасында ошол сүйлөшкөн кызы бизге телефон чалып, "балаңар ушундай болуп өлдү, дөңгө келгиле" деди. Жолдошум экөөбүз ал айткан жерге барсак эч ким жок экен. Андан кийин РИИБге бардык, анда иштегендер "оперлер кетишти, өлүкканага баргыла" дешти. Өлүкканага жетерибиз менен милиция кызматкерлерине "эмне үчүн биз келгиче уулумду чечип аласыңар" десек, "6 милиция кызматкерлери барышты, ал жерди сүрөткө тартып алдык" деп коюшту. Бизди эч бир ишке катыштырышкан жок, кызды дагы көргөн жокпуз. Милиция кызматкерлери өздөрү эле баарын бүтүрүшүп, бизди өлүкканага дагы киргизбей коюшту. Ушул күнгө чейин бизди бир дагы милиция кызматкери суракка чакырган жок. Өзү муунуп өлдү деген соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын колубузга карматып коюшту.

Эртеси жолдошум өлүкканага кирип, киши колдуу болгондугун айтып чыкты. Дароо эле милиция кызматкерлерине билдирсек, алар "андай эмес" деп коюшту. Жолдошумдун айтымында, уулумдун колдору тытылып, денесинде көк ала тактар бар экен. Биз уулумдун асылып турганын өз көзүбүз менен көргөн жокпуз. Эгер моюн орогуч менен муунса, мойнундагы тактардын изи башкача болмок. Баламдын мойнунда эки күрөө тамырын баскан бармактык издери бар.

9-январдан бүгүнкү күнгө чейин тергөө иштери жүрбөй жатат. РИИБге барсак "тергөө иштери жүрүп жатат, көргөн-билген балдарды суракка алып жатабыз" деп жооп беришти. Ал эми сүйлөшкөн кызын болсо тилден-сөздөн калды деп ооруканага жаткырып коюшту. Ал кыз менен дагы сүйлөшө албай койдук», - деди Д.Жусубалиева.

Тилектин ата-энеси Ат-Башы РИИБ ишти карабай жатат деген арызы менен аймактык прокуратурага да кайрылышкан.

«Прокуратурага барсак "арызыңарды кабыл албайбыз, ишти РИИБ тергейт" деп жооп беришти. Жөнөкөй карапайым адамдардын укуктары корголбой, кан жутуп отурабыз. Биздин ишти акыйкат тергеп, тийиштүү адамдар жазасын алышса жакшы болмок. Балабыздын мойнунда бармактардын изи, денесинде көк ала тактар турса, ага карабай өзүн-өзү өлтүрдү деп жыйынтык чыгарышканына ичибиз ачышып турат», - деди Д.Жунусалиева.

Таалайбек Малаевдин кошунасы, Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Жумамүдүн Курмангалиев каза болгон Тилек өзүн өлтүрө турган балдардан эместигин билдирди.

«Тилек ичип-чекпеген жакшы бала эле. Үй-бүлөсү менен үлгүлүү эле. Тилектин өлгөнүнө бүгүнкү күнгө чейин ишене албай жатабыз. Ал киши колдуу болуп каза болду, өзүн өлтүрө турган балдардан эмес болчу. Иш акыйкат иликтенип, тийиштүү адамдар жазасын алышын каалайт элем. Чындыгында жалгыз уулдан ажыроо кыйын», - деди Ж.Курмангалиев.

Маркум Тилек 4 бир туугандын үчүнчүсү болгон.

Ал эми Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын жана тийиштүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы күтүлүп жаткандыгын билдирди.

Буга чейин Turmush басылмасы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында жаш жигиттин электр мамыга моюн орогуч менен асылып турган денеси табылгандыгын маалымдаган. Анын өздүгү такталып, 19 жашка толо элек 1999-жылы туулган жергиликтүү тургун Т.Т. болгон.

Turmush басылмасынын кабарчысына Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, дене 9-январда түн ичинде табылган. Бул факты боюнча Ат-Башы РИИБдин ыкчам тергөө тобу иштеп, алгачкы териштирүүлөрдө денеге күч колдонулган белгилер табылган эмес. Учурда териштирүү иштери улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 34573
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×