Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-август
Нарын

Ак-Жардагы жаштар кайрымдуулук акция өткөрүп, Орозбектин жүрөгүнө ийгиликтүү операция жасалды (видео)

Turmush -  Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылынын жаштар уюму кайрымдуулук акциясын өткөрүшүп, андан түшкөн 20 миң сом толугу менен жүрөк оорусунан жабыркап келген Зарылбек уулу Орозбектин операциясына которулду. Бул тууралуу уюштуруучу Уланбек Өмүракунов кабарчыга билдирди.

Орозбектин жүрөгүнө операция жасоо чоң суммадагы акчаны талап кылып, ага 30 миң сом жетпей жаткан. Буга байланыштуу анын атасы Жогорку Кеңештин депутатына да кайрылып, айылдаштары да жардам көрсөтүүгө аракет кылышкан. Мындай колдоо үчүн Орозбектин үй-бүлөсү жаштар уюмуна, айылдаштарына терең ыраазычылыгын билдиришти.

Кайрымдуулук акциядан көп өтпөй Орозбектин операциясы эки саатка созулуп, ийгиликтүү өткөндүгүн дарыгерлер кабарлаган. Операция Бишкек шаарында жасалды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2951
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×