Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 24.01.2018 11:34

Ат-Башынын Большевик айылында 2,2 млн сомго салынган ФАП пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Кечээ, 23-январда Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Большевик айылында 2 млн 200 миң сомго салынган ФАПтын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, ФАПтын ачылышына Ат-Башы районунун акими Жакып Субакожоев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Ат-Башынын акими акыркы 3 жылда район боюнча 9 ФАП салынгандыгын билдирди.

Жаңы ФАП Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Жарандык коомду колдоо фонду» тарабынан каржыланган. Ошондой эле, ФАПка ушул айылда медицина тармагында көп жылдан бери эмгектенип, калкка кызмат көрсөткөн Майрамбүбү Өмүрзакованын ысымы берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×